ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Зайыркулова Рима Жеңишовна

Болумдун башчысы

Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмү өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Конституциясын, «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамын жана башка мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктары менен буйруктарын, Кыргыз Республикасынын токтомдору менен буйруктарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдерди жана макулдашууларды жана ЭАЖММдин Уставына ылайык иш алып барат. Мамлекеттик тил жана тил саясаты бөлүмүн башкы максаты ЭАЖММде мамлекеттик тилде иш алып барууну кѳзѳмѳлдѳѳ жана ѳнүктүрүү. Медицинанын жана саламаттыкты сактоонун бардык тармактары боюнча кесипкѳй адистерди даярдоо менен бирге мамлекеттик тил кыргыз тилин жайылтуу. ЭАЖММде чет ѳлкѳлүк жарандар билим алышат: Индия, Пакистан, Түштүк Корея, Англия, Непал, Бангладеш, Мальдив ж.б. мамлекеттин жарандары. Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде студенттерге англис тилинде билим берилгенине байланыштуу 2019-жылга чейин иш кагаздары расмий тилде жүргүзүлүп келген. 2019-жылдын сентябрь айынан баштап мамлекеттик тилде иш кагаздарын алып баруу жана которуу иштери жүрүп баштады. Кѳрүнѳѳ маалыматтар, такталар кыргыз тилинде жарыяланып, тагылууда.

Келечекте ЭАЖММде мамлекеттик тил кыргыз тилинде иш алып баруунун, окутуунун адымы чон болуп, окуу жайдын бардык структурасында кыргыз тили татыктуу ѳз ордун алат деген ишеничтемин урматтуу кесиптештер! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили менен кыргыз элинин маданиятын, каада-салтын, руханий дѳѳлѳттѳрүн тааныңыздар биздин сүйүктүү студенттер!