ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ПАТОЛОГИЯ КАФЕДРАСЫ

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү,
Бишкек, 720054

Молдоташева Гулнара Сапаровна

Кафедра башчысы

Биз патология кафедрасына келген ар бир инсанды кубануу менен тосуп алабыз. "Патология“ сѳзү грек тилинин pathos («жабыркоо», «оору», «сыркоо») жана logo («сѳз», «түшүнүк», «окуу») сѳздѳрүнѳн алынган. Патология – бул медициналык илимдин бир тармагы болуп, оорулардын себебин жана алардын пайда болушун, ѳѳрчүшүн жана жыйынтыгын изилдейт. Биздин кафедра тѳрт медициналык дисциплинаны: анатомиялык патологияны, патофизиологияны, соттук медицинаны жана юриспруденцияны бириктирет.

Кафедранын дисциплиналарынын максаты структуралык негиздерди үйрѳнүүдѳ типтүү патологиялык процесстерди медицинанын теориялык негиздерин түшүнүү үчүн клиниканы тереңдеп үйрѳнүү жана алган билимдерин жалпы практикалык дарыгерлик кесибинде колдонуу болуп саналат. Кандай дарыгер болбосун башкы маселе оорунун дартынын атын табуу жана шайкеш дарылоону дайындоо болуп саналат. Адамдын ар бир оорусу органдарда жана ткандарда кандайдыр бир ѳзгѳрүүлѳр менен коштолот. Бул медициналык ЖОЖдордо билим берүү процессинде бир канча илимдердин кагылышында маселени чече алган жана калыптандыра алган, жогорку кесипкѳй адистерди даярдоодогу эң зарыл бѳлүгү.