ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ТЕРАПИЯ КАФЕДРАСЫ

№ 6 оорукана , Жантѳшев кѳчѳсү 117,
Бишкек, 720005

Кудайбергенова Назира Торобаевна

Кафедра башчысы

Биздин бѳлүмгѳ 16 жыл толду. Биздин кафедрада олуттуу медицинанын предметтери: кардиология, гематология, эндокринология, ревматология, гастроэнтерология, нефрология, пульмонология окутулат. Биз ошондой эле кесиптик оорулар жана медициналык кѳзѳмѳл боюнча сабактарды жүргүзѳбүз. Бизде физиотерапия, клиникалык фармакология, массаж, элдик медицинанын жана физиотерапевтик кѳнүгүүлѳрдүн курстары бар. Кафедрада жыл сайын 1000-деген студенттер билим алышат. Андан сырткары клиникалык ординаторлор окушат.

Кафедра, организмдин ички оорулары боюнча иш алып барган башка структуралык түзүмдүк бѳлүмдѳрдүн дарылоо ишмердүүлүктѳрүнѳ кѳзѳмѳлдѳѳ иштерин жүргүзѳт.

Кафедрада материалдардын илимий иштелмелеринин кѳндүмдѳрүнѳ ээ болууга умтулган, студенттерди бириктирген илимий-изилдѳѳ секциясы бар. Кафедранын кызматкерлери ички ооруларга байланышкан ар кандай медицина жаатындагы илимий изилдѳѳлѳрдү жүргүзүшѳт.

Ушунун бардыгын жана ошондой эле бѳлүмдүн ишмердүүлүгүндѳгү биринчи орундагы маселелерди ж.б. түзүмдүк бѳлүмдѳр, илимий жамаат жѳнүндѳ биздин сайттан билесиздер.

Кош келиңиздер!