ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Арт-клуб: Талант

Intergelpo 1F , Bishkek , Kyrgyzstan ,
720054

Алымкулова Нурия Насипкуловна

Гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы

Эл аралык жогорку медициналык мектебинин  гуманитардык сабактар кафедрасы түзүлгөндөн бери окутуучулар сабактан тышкаркы иштердин бардык аспектилерин камтыган студенттердин социалдык адаптациясына активдүү катышып келет. Кафедра түзүлгөн жылдар аралыгында көптөгөн иш-чаралар өткөрүлдү. Студенттер ар кандай эл аралык олимпиадаларга, фестивалдарга жана сынактарга катышып келишкен. Мисалга алсак:  ырчылык, оратордук өнөр, сүрөт тартуу жана вокалдык искусство сыяктуу түрдүү баш байге, Гран-при  жана башка номинациялардын жеңүүчүлөрү болуп келишүүдө.

Кафедранын окутуучуларынын жетекчилиги астында студенттердин   чыгармачылыгынын негизинде “Талант” аттуу чыгармачылык ийримди түзүү идеясы пайда болгон. Клуб түзүү демилгеси студенттер тарабынын көтөрүлүп, 2022-жылы окутуучулар кызуу колдоого алышкан.

Көркөм чыгармачылык ийриминин жетекчиси гуманитардык сабактар кафедрасынын башчысы  Алымкулова Н.Н.

Биз эл аралык жогорку медициналык мектебинин бардык студенттерин алты кызыктуу секцияны камтыган “Талант” көркөм чыгармачылык ийримине кошулууга чакырабыз:

  • Адабият клубу 📚
  • Музыка жана вокалдык искусство 🎼
  • Театр жана драма 🎭
  • Бий жана хореография 💃🕺
  • Сүрөт тартуу 🎨
  • Кол өнөрчүлүк 🧵🪡

Биздин @ihsm_talents_club жана @adabiyyat_club Instagram баракчаларыбызга жазылуу менен биздин иш-чараларга жана жаңылыктарга көз салыңыз