ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Студенттик кадрлар бѳлүмү

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Бутешова Гульзат Раисовна

Бѳлүмдүн башчысы

Биз 2003-жылдан бери студенттердин документтери менен иш алып барган ЭАЖММынын түзүмдүк бөлүмүбүз. ЭАЖММда Индия, Пакистан, Афганистан, Улуу Британия, Мальдив аралдары, АКШ, Түркия, Корея сыяктуу өлкөлөрдүн студенттери билим алышат. Бѳлүмдүн негизги иши студенттердин документтерин туура сактоого жана иштетүүгө багытталган, ошондой эле биз студенттердин билеттерин, баалар китепчелерин, академиялык маалымкаттарды жана студенттерге зарыл болгон бир катар башка документтерди берүүнү уюштурабыз.

Биздин бөлүм ЭАЖММынын бардык студенттеринин, анын ичинде кампустун эсебин жана статистикасын жүргүзөт. Бөлүм ЭАЖММынын башка бөлүмдөрү менен тыгыз кызматташат. Өлкөнүн университеттери менен да, чет өлкөлүк университеттер менен да кат алышуу жүргүзөт.

Бардык студенттерге окууларына ийгилик каалайбыз! Максатыңыздарга жетиңиздер! Тандап алган кесибиңиз сиз үчүн кубаныч алып келсин жана сиз өз өлкөңүздүн чегинен чыгып, чет өлкөлөрдө да жогорку квалификациялуу адис, өз ишиңиздин чебери болот деп ишенебиз.

Ал эми биз, сиздин жакшы билим алып, өз кесибин сүйгөн ийгиликтүү дарыгерлер болушуңузга бардык күч-аракетибизди жумшайбыз.