ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн вазийпасы - гуманитардык, этикалык жана адеп-ахлактык принциптерге негизделген, жогорку эффективдүү билим берүү иш-аракеттерин жүргүзгөн кесипкөй адистердин командасын түзүү.

Бөлүмдүн максаты - кызматкерлердин потенциалын максималдуу колдонууга багытталган кадрдык ресурстарды өнүктүрүү стратегиясына жана пландарына ылайык, ЭАЖММнын персоналдарды башкаруу чөйрөсүндөгү саясатын ишке ашыруу. 

Биздин баалуулуктар:

Кесипкөйлүк, командалык рух, чыгармачылык, урматтоо, таануу, бай тажрыйба, муундардын уландысы.

Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн милдеттери:

  • Заманбап технологияларды киргизүү менен ЭАЖММдын атаандаштык артыкчылыктарын жогорулатууга багытталган персоналдарды башкаруу тутумун түзүү; 
  • Билим берүү мекемесинин негизги максаттарына, кадрдык саясаттын конкреттүү багыттарына ылайык кызматкерлер менен иштөөнү уюштуруу;
  • Маркетинг иш-аракеттери: ЭАЖММдин түзүмдүк бөлүмдөрүн тандоо, жалдоо, персоналды адаптациялоо жана штаттык камсыздоо;
  • Кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
  • Кызматкерлердин ишкердик жана жеке сапаттарын баалоо тутумун ишке ашыруу;
  • Кызматкерлердин эмгек өндүрүмдүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатууга түрткү берүү тутумун ишке ашыруу;
  • Коллективде жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана сактоо боюнча иш алып баруу;
  • Жеке маалыматтарды жана кызматкерлердин документтерин эсепке алууну, талдоону жана сактоону автоматташтыруу.

Кадрларды башкаруу бөлүмүнүн негизги функциялары:

  • ЭАЖММдын түзүмдүк бөлүмдөрү жүргүзгөн иш-аракеттер чөйрөсүндө кызматкерлердин ишмердүүлүгүнүн өнүгүүсүн талдоо жана божомолдоо;
  • потенциалдуу кызматкерлердин компетенттүүлүгүнө жана жеке өзгөчөлүктөрүнө жараша баалоо критерийлерин аныктоо, тандоо жана адаптациялоо, кызматкерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатуу;
  • кызматкерлердин ишмердүүлүк натыйжалуулугун баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу, ошондой эле баалоону уюштуруу, координациялоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
  • персоналдын иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ;
  • коллективде мотивация, социалдык коргоо жана эмгек тартибинин тутумун уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ.