ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ТАБИГЫЙ ИЛИМДЕРДИН САБАКТАРЫ КАФЕДРАСЫ

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү,
Бишкек, 720054

Исмаилова Чынара Саматовна

Табигый илимдердин сабактары кафедрасынын башчысы, б.и.к., улук окутуучу

Биздин кафедранын ишмердүүлүгү студенттердин биология, химия жана физика табигый илимдеринде дарамет мүмкүнчүлүктѳрүн табууга багытталган. Кафедрада жаратылыштын кубулуштарын жана закон ченемдүүлүктѳрүн үйрѳнүүдѳ практикалык кѳндүмдѳрүнүн пайда болушунун ѳнүгүшүн шарттаган үч заманбап жабдылган лабораториялар бар. Мындан сырткары, биз ар кандай профилдик предметтер боюнча викториналарды жана олимпиадаларды уюштурабыз.

Студенттер информатика сабагында келечектеги дарыгерге зарыл болгон информациялык издѳѳлѳрдүн кѳндүмдѳрүнѳ, маалыматтардын базасы менен иштѳѳгѳ ээ болушат. Ошондой эле кафедрада студенттик «эколог» илимий-изилдѳѳ жамааты иш алып барып, анда студенттер жаратылыш кубулуштарын, биологиялык ар түрдүүлүктү изилдѳѳдѳгү жаңы илимий багыттар менен таанышууга, айлана-чѳйрѳнүн адамга жана саламаттыгына тийгизген таасири жѳнүндѳ илимий усулдарды колдонуп, билим алышат. Ылдам жана ийгиликтүү ыңгайлашуу үчүн биздин окутуучулар Кыргызстандын жаратылыш коруктарына, маданий эс алуу жайларына, театрларга жана музейлерге экскурцияларды уюштурушат.

Урматтуу биздин студенттер, биз кубануу менен билимибиз жана тажрыйбабызды сиздер менен бѳлүшүүгѳ дайыма даярбыз