ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Вазийпа
Эл аралык жогорку медициналык мектеби студенттерди окутууда жогорку моралдык жана этикалык стандарттарды туу тутуп, бейтаптардын кызыкчылыгын коргоо менен далилдүү медицинаны тажрыйбалоодо кесипкѳйлүүлүктү кѳрсѳтүүчү иш-билги дарыгерлерди даярдоо менен жергиликтүү жана дүйнѳлүк коомчулуктун талаптарын кызмат кылат.

Биздин кѳз караштар
ЭAЖММ Азиядагы медициналык билим берүүдѳ алдыңкы катарда болушат. Коомчулукка кызмат кылууга жана бейтаптардын кызыкчылыктарын жогору коюп, адилеттүүлүк жана жогорку медициналык жардам берүү принциптерин жетекчиликке алуу менен инновациялык усулдарды жана изилдѳѳлѳрдү колдонуп, кесипкѳйлүүлүгүн дайыма арттыруу менен биздин студенттер, окутуучулар жана бүтүрүүчүлѳр биринчиликте болушат.

Максаттар

  • Студенттерди саламаттык сактоо жана медицинанын бардык тармагы боюнча кесипкѳй кылып даярдоо.
  • Жергиликтүү жана дүйнѳлүк коомчулуктун зарылчылыктары менен кабардар болуу менен кайрымдуулукка дилгир болуу.
  • Бейтаптардын укуктарын сактоо жана бардыгына тең медициналык жардам алуу прициптерин тутуу.
  • Кесипке берилгендикти жана баштоолорду демилгелѳѳ   

Сапат жаатындагы саясат
Эл аралык жогорку медициналык мектеби (мындан ары ЭАЖММ) Кыргыз Республикасынын жарандарына жана чет өлкөлүк жарандарга жогорку медициналык билим берүү чөйрөсүндө төмөнкү багыттар боюнча кызмат көрсөтүүчү уюм болуп саналат:

  • жогорку кесиптик билим (адистик, магистратура)
  • ординатура (резидентура) деңгээлиндеги дипломдон кийинки кесиптик билим;
  • PhD деңгээлиндеги ЖОЖдон кийинки билим;
  • илимий-педагогикалык кадрларды (аспирантура) даярдоочу билим берүү программалары;
  • кошумча кыска мѳѳнѳттѳгү билим берүү программалары.

ЭАЖММынын стратегиялык багыттары:

  1. Глобалдуу саламатттык сактоонунун заманбап талаптарына жооп берген медицина тармагындагы кесипкѳй кадрларды даярдоо.
  2. ЭАЖММды туруктуу, эффективдүү уюм катары ѳнүктүрүү.
  3. Билим берүү процессинин негизи катары ЭАЖММдын инфраструктурасын ѳнүктүрүү.
  4. Билим берүү процессин жана илимий-изилдѳѳ ишмердүүлүгүн интеграциялоо.
  5. Эл аралык чөйрөгө интеграциялоо, стратегиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү жана чыңдоо.
  6. Кыргыз Республикасынын территориясында жана чет ѳлкѳлѳрдѳ ЭАЖММдын зоболосун жогорулатуу.