ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫ - Борбордук Азиянын асман тиреген Тянь-Шань жана Памир-Алай тоолорунун борбордук бѳлүгүндѳ жайгашкан. Түндүгүнѳн Казакстан мамлекети менен чектешип, батыш тарабынан Ѳзбекстан мамлекети менен чектешсе, күн чыгыш түштүк-батышынан Кытай менен чектешет. 93% территориясы деңиз деңгээлинен 1000 метр бийиктикте жайгашкан. Ѳлкѳнүн эң бийик чокулары Какшаал-Тоо тоо кыркалары Кытай мамлекети менен чектешип чек араны түзүп турат. Ѳлкѳнүн эң бийик жери Жеңиш чокусу 7 439м бийиктикти түзүп, геологдордун эсеби боюнча ѳлкѳнүн бийик жери болуп, ал эми дүйнѳ жүзүнүн чыгыш тарабынын 7 000м бийиктикти багындырып турат. «Кыргызстандын бермети» аталган Ысык-Кѳл ѳлкѳнүн эң чоң кѳлү болуп саналып ал эми дүйнѳ жүзүндѳгү тоо кѳлдѳрүнѳн Титикака кѳлүнѳн кийинки орунда турат.

Кыргызстандын климаты континенталдуу жана кургак келип, шаңкайган бийик тоолордун эсебинен жаан-чачын жүрүп салкын тартып турат. Жыл мезгилдери ысык жай жана суук кыштар менен алмашып турат. Ѳзгѳчѳ тоолуу аймактарда. Ѳлкѳнүн климаты ар түрдүү: Фергана ѳрѳѳнүнүн жана Чүй, Талас ѳрѳѳндѳрүнүн жарым жартылай чѳлдѳрүнүн абасы субтропикалык келип, ойдуңдарда, тоолордо субарктикалык климат менен алмашылып турат. Кыргызстанда кышкысын жылуу кийим менен жүрүү керек. Ѳлкѳ ѳзүнүн абдан бай окуяларга жыш толгон жүрѳк толкуткан тарыхы менен кѳп улуттарга түнѳк болуп калды. Калктын 75% (пайызын) кыргыздар түзѳт. Кыргызстандын калкы 80дей этникалык тайпалардан туруп, аларга орустар, ѳзбектер, казактар, украиндер, уйгурлар, дунгандар, немистер, корейлер жана башка улуттар кирет.

Алардын бардыгы улуттар аралык ынтымакта жана достукта жашашат. Кыргыз элинин маданиятынын ѳзгѳчѳлүгү меймандостугунда, сабырдуулугунда, ачык-айрымдуулугунда жана ийкемдүүлүгүндѳ. Кыргызстандын эли башка маданияттарга жана калктарга сыйлоо менен мамиле кылышат. Кыргызстан Демократиялык Республика. Мамлекеттин борбору Бишкек шаары. Борбор калаанын 130 жылдан ашык тарыхы бар. Бишкек калаасы орус маданиятынын таасиринде курулуп баштаган. Калаанын эски имараттары типтүү советтик архитектуралык стилде салынган. Ал эми парктагы бак-дарактар, бульварлар жана жалгыз аяк кѳчѳлѳр ѳткѳн кылымдын ортосунда Бишкек тургундарынын күчү менен салынып, канал системасында сугарылып турат.

Бишкек Борбордук Азиядагы кооз шаарлардын бири катары белгилүү. Кыргызстандын борборунда шаар тургундары жана меймандары үчүн парктар, музейлер, галереялар, театрлардын жана башка маданий ажайып, кооз, кѳрүнүктүү жерлеринин эшиктери ар дайым ачык. Мѳңгүлѳрдѳн жана кыргыздын тоо кыркаларынан башталган Аламедин жана Ала-Арча дайралары шаар аралап агат. Калаа чындыгында Борбордук Азиядагы кооз бульварлары, парктары менен жапжашыл шаар деген атка татыктуу.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАЫНДАГЫ РАСМИЙ МАЙРАМДАРДЫН КҮНҮ

1-январь – Жаңы жыл
7-январь – Рождество майрамы
23-февраль – Ата мекенди коргоо күнү
8-март – Эл аралык аялдар күнү
21-март – Нооруз майрамы
1-май – Эл аралык эмгек күнү
5-май – Конституция күнү
9-май – Экинчи дүйнѳлүк согушту жеңген күн
31- август – Эгемендүүлүк күнү
** - Орозо айт (Ид аль-Фитр, мусулмандар майрамы)
** - Курман айт (Ид аль-Адха, мусулмандар майрамы)

 

** - Ай календарына ылайык бул даталар ѳзгѳрүүгѳ учурайт. Кыргызстанда расмий майрам деп кабыл алынган салтанаттуу күндѳрдү белгилѳѳдѳ мамлекеттик мекемелер, банктар, кѳпчүлүк дүкѳндѳр жабылат же болбосо иш күндѳрүн ѳзгѳртүшѳт.