ЖУГУШТУУ ООРУЛАР КАФЕДРАСЫ
Республикалык жугуштуу оорулар
клиникалык оорукасы, Лев Толстой кѳчѳсү,
70/1, Бишкек, 720009
Кутманова Айнура Зарылбековна
Кафедра башчысы
Инфекциялык оорулар кафедрасында, кафедра жамаатынын атынын ар бириңиздерди куттуктаганыма абдан ыраазымын. Заманбап тездик менен ѳзгѳрүп жаткан дүйнѳдѳ, биздин коомчулук ВИЧ, малярия, ЗППП, ж.б. сыяктуу кѳйгѳйлѳр менен кагылышууда. Азыркы тапта COVID-19 ааламдашкан пандемиясы дүйнѳ жүзүнѳ күчтүү таасирин тийгизди. Бүгүнкү күндѳ биздин кафедранын бардык мүчѳлѳрү ѳз жандарын аябай коронавирус инфекциясы менен күрѳшүшүп, бейтаптарды майнаптуу дарылоонун жолдорун жана анын таралышын кѳзѳмѳлгѳ алуунун аракетин жасашууда. Бул жугуштуу оору менен күрѳшѳ алган жана адамдардын ѳмүрүн сактай алган жогорку кесипкѳй адистерди даярдоонун зарылдыгын кѳрсѳтүп турат. Мына ушул биздин кафедранын башкы вазийпасы.
Инфекциялык оорулар кафедрасы медицинада окутуунун жардамы жана жаңы билимдерди колдонуу менен жѳндѳмдүү жана таланттуу доктор болууга далалаттанган, интеграцияланган ментордук студенттердин жаңы муундарынан лидерлерди даярдашат. Бул вазийпа социалдык жана интеллектуалдык ар түрдүүлүктѳрүнѳн туруп, биздин дайым ѳзүн ѳстүрүү менен усулдары жана билимдери менен ар ким менен бѳлүшүүгѳ даяр, окутуучулардын кесипкѳйлүүлүгүнѳн турат. Биз вазийпабызды аткарууга жана медицина тармагында күчтүү кесипкѳйлѳрдү окутууга абдан кубанычтабыз.