ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Дипломдон кийинки билим берүү бѳлүмү

Борбордук кампус, Интергельпо 1Ф кѳчѳсү
, Бишкек, 720054

Алия Бажанова

Дипломдон кийинки билим берүү деканы

ДКБББнын деканы катары мага Сиздерди биздин сайтта тосуп алганыма жана биздин мол даярдалган маалыматтар менен таанышууга чакырганыма абдан кубанычтамын. Бул веб-сайт Сиздер үчүн түздѳн-түз так максатта – жогорку жана дипломдон кийинки университетте билим алуу жѳнүндѳ ишенимдүү маалымат булагы катары кызмат кылат.

Дипломдон кийинки медициналык билим алууну бир канча багытта иш жүзүнѳ ашырууга мүмкүн:

  1. Адисти кайра даярдоо. Жаңы адистикти алуу.
  2. Адистин профилин кеңейтүү. Квалификациясын жогорулатуу
  3. Адистештирүү.
  4. Такшалма.
  5. Илимий-изилдѳѳ иштери.

ДКБББ «Коомдук саламаттыкты сактоо» багытында: эпидемиология, айлана-чѳйрѳ гигиенасы, саламаттыкты сактоодогу уюштуруу жана башкаруу боюнча адистерди, клиникалык ординатурада (резидентуралар): педиатрия, акушерлик жана гинекология, хирургия, травматология жана ортопедия, терапия, жалпы практика дарыгери/үй-бүлѳ медицинасы адистиги боюнча жана докторантурада «Коомдук саламаттыкты сактоо» адистиги боюнча магистратуранын программасы менен билим алуучуларды даярдоону уюштурат.

Эгерде Сиз биздин илимий-изилдѳѳлѳргѳ талпынуубузду бѳлүшсѳңүз жана келечектеги саламаттыкты сактоону инновациялардын жана ачылыштардын жардамы менен калыптандыруунун жактоочуларынан болсоңуз, анда мен биздин билим берүү программаларын кѳрүп, кошулуу мүмкүнчүлүгүнѳ чакырамын. Докторлук программанын ѳзгѳчѳлүгү болуп, жогорку кесипкѳй профессор-окутуучулардын жана угуучулардын ар түрдүү, чыгармачыл, уникалдуу коллегиялуу жамааты. Амбициялуу докторанттар бул элиталык мектептердин дѳѳлѳтү болуп калышына, окутуучулардын айланасындагы дүйнѳнү ѳзгѳртүүнү каалашында - деп ойлойм. Келечекте Сиз ЭАЖММынын докторанты болуу менен академиялык коомчулукту колдогон жана демилгелеген, чындыгында идеялардын инкубатору болгон Кыргызстандын белгилүү аналитикалык борборлору менен тыгыз кызматташууда болосуз. Саламаттыкты сактоонун алдыңкы мерчемдериндеги алгылыктуу ѳзүнѳ тарткан инновациялык жана саламаттыкты сактоодогу мүмкүндүктѳргѳ ЭАЖММ кѳптѳгѳн шарттарды сунуштайт.

Биздин программалар студенттердин белгилүү профессор-окутуучуларынын курамынын жетекчилиги астында тереңдеп кирип билим алуу мүмкүнчүлүктѳрүнѳ арналат жана ѳз алдынча изилдѳѳлѳрдүн усулдарын ѳздѳштүрүшѳт. Ординаторлор, магистранттар жана докторанттар университеттин билим берүү жана илимий-изилдѳѳ багытындагы вазийпасында абдан олуттуу катышуучулары болуп саналышат.

Сиздер биз сунуштаган программалар менен таанышып жатканыңыздарда саякатыңыздарда бирге болгубуз келет. Сиздердин кызыкчылыгыңыздарды жана катышууңуздарды баалайбыз.