ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

АНАТОМИЯ КАФЕДРАСЫ

Морфологиялык корпус, Л.Толстой кѳчѳсү
114/1

Касмамбетова Шайыркул Карыбаевна

Кафедра башчысы

Кафедра морфологиялык дисциплинар кафедрасы болуп 2012-жылы ачылган. Кафедра Эл аралык жогорку медициналык мектебининин морфологиялык корпусунда жайгашкан. Кафедранын ишмердүүлүгүндѳгү маанилүү багыты - үзгүлтүксүз окутуу жана профессионалдык ишмердүүлүктѳрүндѳ ѳзүлѳрүнүн билимдерин жана кѳндүмдѳрүн тынымсыз мыктылоонун зарылдыгында. Кафедра И.К.Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы менен кызматташып, «Лимфатикалык тутум органынын морфофункционалдык ѳзгѳчѳлүгү жана адамдын органындагы кан жаралуусу жана онтогенездеги эксперименталдык жаныбарлар» темасындагы илимий-изилдѳѳ ишин жүргүзүшүүдѳ. Профессор-окутуучулар курамы ѳзүлѳрүнүн профессионалдык деңгээлин жана квалификациясын үзгүлтүксүз эл аралык илимий, усулдук конференцияларга, семинарларга, тренингдерге катышуу менен жогорулатышат.

60тан ашык макала ар кандай жергиликтүү жана чет ѳлкѳлүк басылмаларга жарыяланган. Мисалы, Европанын илимий биомедициналык жана биологиялык журналына (Вена), LAP / Lambert Academic Publishing, Минерва медициналык журналына, Universum: Медицина жана фармокология журналына (Москва), «Билим берүүдѳгү илим жана илимдин жарчысы» (Москва), «Илим, Кыргызстандын жаңы технологиялары жана инновациялары» журналы, ОшМу жарчысы, Кыргыз-Россия Славян университетинин жарчысы, ИСМ жарчысы (Бишкек) журналдарына жарыяланып келет.