ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш


Киришүү: Массачусетс фармацевтика жана медицина илимдер колледжи (MCPHS) жана ТерраГрафикс/TerraGraphics (TIFO) эл аралык фонду Баткен облусунун Кадамжай районунда климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулук жана айлана чөйрөнүн гигиенасы алкагында “Айлана чөйрөнүн гигиенасы боюнча билим берүү программасын иштеп чыгуу” үчүн грантка ээ болушту. Гранттык арыздын долбоору Кыргыз Республикасынын, Бишкек шаарындагы АКШ элчилигинин Коомдук дипломатия бөлүмүнө берилди. Гранттын өлчөмү 50000 АКШ долларын түзөт.

Долбоордун өнөктөштөрү:  Эл аралык жогорку медицина мектеби (Бишкек ш.), Айдаркен шаардык жалпы дарыгер практикалоо борбору, жана райондор аралык Кадамжай оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык-гигиеналык лабораториясы. 

Долбоордун мөөнөтү: 2023-жылдын октябрынан 2024-жылдын сентябрына чейин (бир жыл)

Долбоордун максаттары:

  • Медицина кызматкерлерин жана айлана-чөйрөнү коргоо жана анын гигиенасы боюнча адистерди тартуу менен билим берүү программасын иштеп чыгуу
  • Медицина кызматкерлери бейтаптарга зыяндуу заттардын таасирин азайтуу чараларын сунуш кылуусу жөнүндө билимдерин жогорулатуу
  • Жергиликтүү өнөктөштөрдүн айлана-чөйрөдө зыяндуу заттардын деңгээлин аныктоо жана азайтуу үчүн мүмкүнчүлүктөрүн өстүрүү
  • АКШнын жана Кыргызстандын агенттиктери ортосунда, билим берүү кызматтарынын адистери, стипендия программалары жана клиникалык үзгүлтүксүз билим берүү адистери менен жумушчу мамилелерди жана өнөктөштүктү жогорулатуу

Долбоордун натыйжалары:

  • Саламаттыкты сактоо министирлигинин талаптарына жооп берген жана АКШнын колдонмолоруна жана практикалык стандарттарына негизделген айлана-чөйрөнүн гигиенасы боюнча билим берүү программасы (анын ичинде бейтаптар жана медициналык кызматкерлер үчүн окуу материалдары)
  • Айлана-чөйрөнүн факторлоруна реакцияларды интеграциялоонун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн аныктоо, алардын коомдук ден соолукка жана байтаптарды көзөмөлдөөдө тийгизген таасирин алдын алуу.
  • Айлана - чөйрөнү коргоо жана ден соолукту чыңдоо боюнча чаралардын интеграциясын пилоттук изилдөө үчүн изилдөөнү колдонуу
  • Сунушталган иш-чараларды ишке ашыруу жана окутууну жана чара көрүүнү жакшыртуу үчүн пикирлерди кошуу.
  • Ден соолугуна карата тобокелдиктер жогору адамдарга сунуштала турган аз чыгымдуу иш-чаралар жөнүндө билим жогорулатуу
  • АКШ менен Кыргыз Республикасынын билим берүү кызматтарынын адистери, стипендия программалары жана үзгүлтүксүз клиникалык билим берүү адистеринин ортосундагы жаңы өнөктөштүк

Долбоордун башкармалыгы:

  • Долбоордун директору: Марк Наскарелла, Массачусетс фармацевтика жана медицина илимдер колледжи, Бостон, MA, АКШ
  • Долбоордун жетекчиси: Кейси Бартрем, эл аралык «ТерраГрафикс» фонду, Москва, Айдахо, АКШ.
  • Долбоордун координатору: Гүлзат Мадмарова, эл аралык «ТерраГрафикс» фонду, Кадамжай шаары, Баткен облусу, Кыргыз Республикасы
  • Айнаш Шаршенова: Эл аралык жогорку медицина мектеби (Бишкек ш.) жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Коомдук саламаттык сактоо улуттук институту.
  • Эмил Сулайманов: Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Айдаркен шаарындагы жалпы дарыгерлер практикалоо борбору, Кыргыз Республикасынын Баткен облусу, Кадамжай району, Айдаркен шаары.
  • Махмуд Исираилов: райондор аралык Кадамжай оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун санитардык-гигиеналык лабораториясы.