ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Эразмус+ 1- негизги аракет  программасынын алкагында - Эл аралык кредиттик мобилдүүлүк (ICM 171)

  • Тарту университети (Эстония),
  • Милан университети (Италия),
  • Колдонмо илимдер университети ДЖОАННЕУМ, Грац (Австрия),
  • Нитрадагы Константин философ университети (Словакия) менен ЭАЖММ студенттер, ППК жана кызматкерлер арасында академиялык мобилдүүлүк идеяларын 2016-жылдан азыркы учурга чейин активдүү жайылтат.

Эразмус + ICM  программасы дүйнө жүзү боюнча студенттер менен окутуучулардын алмашуусун камсыз кылган өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрөт. Программа академиялык өнүгүүгө, ошондой эле программага катышкан билим берүү өлкөлөрүндө алынган сапат боюнча изилдөөлөргө көмөктөшөт.

Эразмус + ICM студенттердин мобилдүүлүгү программасы – бул студенттер үчүн чет өлкөлөргө саякаттоо жана маданий тажрыйбаны окуу менен айкалыштыруу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.

ЭАЖММдин студенти чет өлкөдө жашоого/болууга кеткен чыгымдарды жарым-жартылай же толугу менен жаба турган стипендия ала алат. Стипендиянын суммасы жөнөтүүчү жана кабыл алуучу өлкөлөргө жараша айырмаланат.

Эразмус + программасынын алкагында акы төлөнүүчү негизде окуган жана алмашууга барган студенттер ЭАЖММ менен түзүлгөн келишимге ылайык окуу акысын төлөөнү улантышууда, мында кабыл алуучу университетте окуу акысыз негизде ишке ашырылат.

Талапкерлер конкурстук негизде тандалып алынат. Стипендия конкурстук комиссиянын чечиминин жана өнөктөш ЖОЖ тарабынан тандалып алынган талапкерлердин бекитилишинин негизинде ыйгарылат. Эразмус + программасынын алкагындагы өнөктөштөр-бул Европа аймагындагы ЖОЖдор. Өнөктөштөрдүн тизмеси жыл сайын жаңыланып турат.

ЭАЖММдин студенттери жана кызматкерлери Эразмус + академиялык мобилдүүлүк программасына активдүү катышууда! Бардык каалоочуларды ушул программага катышуу үчүн документтерди тапшырууга чакырабыз!

Көбүрөөк маалыматты Эл аралык байланыштар бөлүмүнөн алсаңыз болот (303-бөлм.)!

        

ЭЛ АРАЛЫК КРЕДИТТИК МОБИЛДҮҮЛҮК

Эразмус+ программасы студенттер, окутуучулар жана университеттин башка кызматкерлери үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачты, алар 1-Негизги иш-аракеттердин (Key Action 1) алкагында ишке ашырылууда. Студенттердин жана окутуучулардын мобилдүүлүгү жогорку билим берүү системасынын маанилүү компоненти болуп саналат, ал программанын жана өнөктөш өлкөлөрдүн университеттерин өнүктүрүүгө мүмкүндүк берет, мында мобилдүүлүк окутуунун сапатын жакшыртууга, эл аралык жана студенттик кызматтардын ишин өркүндөтүүгө, окуу программаларын салыштырууга жана жаңыртууга түрткү болот. Мобилдүүлүк жогорку билим берүү тутумун реформалоонун катализатору болгон интернационалдаштыруунун мыкты стратегияларын иштеп чыгууга өбөлгө түзөт. 

Мобилдүүлүк, албетте, студенттер үчүн да, профессордук педагогиялык курам үчүн да, ЖОЖдордун административдик кызматкерлери үчүн да маанилүү жана пайдалуу, таануу куралдарын түзүү жана өнүктүрүү аркылуу жалпысынан жогорку билимдин сапатына оң таасирин тийгизет. ЭАЖММдин студенттери, окутуучулары жана кызматкерлери кыска мөөнөттүү мобилдүүлүккө катыша алышат, ал программа жана ЭАЖММ өлкөлөрүнүн университеттеринин ортосундагы мобилдүүлүк жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын алкагында ишке ашырылат. 

Узактыгы: студенттер 3 айдан 12 айга чейин бара алышат. 

Университеттин окутуучуларынын жана башка кызматкерлеринин окутуу же такшалма үчүн мобилдүүлүгү: узактыгы 5 күндөн 2 айга чейин (максимум, жолго кеткен убакытты эске албаганда). 

Мобилдүүлүктүн катышуучулары транспорт, виза, камсыздандыруу жана жашоо чыгымдарын жабуучу стипендия алышат. 
Кызматкерлердин грантына жол чыгымдары кириши мүмкүн (мобилдүүлүк башталганга чейин бир күн жана мобилдүүлүктөн кийин бир күн) зачеттук бирдиктерди таануу (демек, жалпы аталышы –  Кредиттик Мобилдүүлүк): узактыгы – ар бир окуу мезгилинде (максимум)3 айдан 12 айга чейин.
ЭАЖММдин студенттери жана кызматкерлери грант алуу үчүн түздөн-түз Кайрыла алышпайт. 
ЭАЖММ жана өнөктөш өлкөнүн жогорку окуу жайлары институттар аралык макулдашууга кол коюшат. Мобилдүүлүккө катышуу үчүн тандоо критерийлери ЭАЖММ тарабынан аныкталат.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн шилтемеге өтүңүз
 

БИРГЕЛЕШКЕН МАГИСТРАТУРА ПРОГРАММАЛАРЫ

Биргелешкен магистратура программалардын максаттары

Биргелешкен магистратура программалары төмөнкүлөргө багытталган:

  • ЖОЖдордо сапатты жогорулатуу, инновацияларды өнүктүрүү, (техникалык) өркүндөтүү жана интернационалдаштыруу;
  • Европалык жогорку билим берүү мейкиндигинин (ЕЖББМ) сапатын жана жагымдуулугун жогорулатуу жана бүткүл дүйнө жүзүндөгү мыкты магистранттарга толук стипендия берүү менен ЕБ жогорку билим берүүдөгү тышкы таасирин колдоо; 
  • Магистратура программалардын бүтүрүүчүлөрүнүн компетенттүүлүгүнүн деңгээлин жогорулатуу жана көндүмдөрүн жогорулатуу жана программага жумуш берүүчүлөрдү тартуу аркылуу алардын эмгек рыногуна ылайыктуулугу.

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн шилтемеге өтүңүз