Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн максаты

Эл аралык жогорку медициналык мектепте (ЭАЖММ) мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча иш-чараларды уюштуруу, иш кагаздарын мамлекеттик тилде алып баруу, окутуу процессинде мамлекеттик тилдин өнүгүшүн көзөмөлгө алуу, иш кагаздарын мамлекеттик тилге которуу.

Мамлекеттик тил бөлүмүнүн негизги милдеттери

  • ЭАЖММынын бардык кафедралары жана структуралык бөлүмдөрүндөгү мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана анын ар тараптан жана толук колдонулушун камсыз кылуу;
  • ЭАЖММда мамлекеттик тилди андан-ары өнүктүрүү жана мамлекеттик тилди өнүктүрүү стратегиясын аныктоо;
  • Окуу жайдын деканаттарында, кафедраларында, бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө мамлекеттик тилдин иштешин ырааттуулук менен жүзөгө ашырууну камсыз кылуу;
  • Окутуучулар жана кызматкерлер үчүн мамлекеттик тилде иш кагаздарын жүргүзүүнү уюштуруу;
  • Мамлекеттик тилдин окуу жайда ролун, ошондой эле кыргыз элинин рухий дөөлөттөрүн калыптандырууда жана өнүктүрүүдө жогорулатуу;
  • ЭАЖММынын бардык окутуучу-профессор жамааты, студенттери мамлекеттик тилди билүүсү жана жазуу, оозеки тилде иш алып барууну өздөштүрүүсү үчүн зарыл уюштуруучулук жана башка шарттарды түзүү;