ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Магистратурага кабыл алуу жарыялыгы

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү

Магистратурага документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-ноябрынан 2024-жылдын 8-февралына жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.

ЭАЖММ магистратурасына кирүү сынагындагы турлардын графиги

Тур

Күнү

Убакыт

Иш - чара

 Дарек

Эскертүү

1-тур

20.12.23           

10.00.

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

2 - тур

17.01.2024

10.00.

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

3-тур

14.02.2024

10.00.

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү

 сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

Кабыл алуу тартиби

  1. Магистр багыты боюнча  окуу программасына  мамлекеттик үлгүдѳгү негизги жогорку билим жөнүндөгү диплому бар  (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билим жѳнүндѳгү диплому (адис) бар талапкерлер кабыл алынат;
  2. Башка мамлекеттердин жарандарын Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунда окутуу белгиленген тартипте күчүнө кирген  Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган эл аралык келишимдердин негизинде  жүргүзүлѳт. Ошондой эле билим берүү уюмдарынын ортосундагы же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдердин негизинде окутулат;
  3. ЭАЖММ магистратурасына талапкерлерди кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча өткөрүлөт;
  4. Кирүү сынагы "Коомдук саламаттыкты сактоо" сабагы  боюнча билет системасынын негизинде маектешүү түрүндө өткөрүлөт;
  5. Окууга кабыл алуу ЭАЖММ ректорунун буйругу менен киргизилет;
  6. Окуу мѳѳнѳтү: 2 жыл;
  7. Окуу формасы: күндүзгү;
  8. Окуу  төлөмү келишимдин негизинде жүргүзүлөт.

Кабыл алуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси
Магистратурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшыруу зарыл:

  1. ЭАЖММ ректорунун атына арыз;
  2. базалык жогорку кесиптик билим жөнүндө дипломдун (бакалавр) же толук жогорку кесиптик билим жөнүндө дипломдун (адис) көчүрмөсү;
  3. У-086 формасындагы медициналык маалымкат;
  4. 3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 6 сүрѳт;
  5. паспорт кѳчүрмѳсү, аскердик билет (Кыргыз Республикасынын  жарандары үчүн);  
  6. паспорт, аскердик билетти жеке өзү көрсөтѳт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);
  7. чет өлкөлүк жарандар кабыл алуу комиссиясына Кыргыз Республикасынын жогорку билими жөнүндө мамлекеттик документке барабар билим жөнүндө документти тапшырышы керек;
  8. чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмөлөрү);
  9. талапкерди магистрдик программага кирүүгө түрткү берген себептер,  талапкердин узак мөөнөттүү карьералык максаттары жана ушул  программа максаттарына жетүү  үчүн кандайча жардам бере алары  жөнүндө эссе. 

Көбүрөөк маалымат алуу үчүн, биз менен байланышыныз:
Тел: +996703609899
E-mail:
postgraduate_office@ism.edu.kg / 
imanbaeva1983@inbox.ru

https://ism.edu.kg/ru/pages_second/postupayuschim-v-magistraturu-6/