ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Кызматкерлерди башкаруу бѳлүмүнүн вазийпасы – гуманитардык, этикалык, моралдык принциптерге негизделген сапаттуу билим берүүнү ишке ашырган жогорку кесипкѳй адистердин курамын калыптандыруу.

Биздин максат – адам ресурстарын башкаруу системасына негизделген Эл аралык жогорку медициналык мектептин персоналдарды башкаруу сферасындагы ѳнүгүүнүн мерчемдерине жана стратегиясына ылайык кызматкерлердин максималдуу потенциалын реалдаштырууга багытталган саясатын ишке ашыруу.

Биздин баалуулук:
Кесипкѳйлүүлүк, командалык рух, чыгармачылык, туруктуулук, сыйлоо, таануу, топтолгон тажрыйба, муундун жол улоосу.

Бѳлүмдүн милдеттери:

  • Заманбап технологияларды кызматкерлерди башкаруу системасына кийирүү менен ЭАЖММда атаандаштык артыкчылыктарын бекемдѳѳгѳ багытталган адам ресурстарын башкаруу системасын түзүү.
  • Окуу жайынын жалпы ѳнүгүүгѳ багытталган максаттарына ылайык, кадр саясатындагы конкреттүү багыттардын негизинде персоналдар менен иштѳѳ ишин уюштуруу.
  • Маркетингдик ишмердүүлүк, анын ичинен тандоо, ишке кабыл алуу, персоналдардын адаптацияланышы жана ЭАЖММынын структуралык түзүмдүк бѳлүмдѳрүн кадрлар менен комплектѳѳ.
  • Персоналдарды окутуу жана кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу боюнча координациялоо жана кесипкѳйлүүлүгүн ѳнүктүрүү.
  • Кызматкерлердин жеке жана ишкердик сапаттарын баалоо системасын реалдаштыруу.
  • Персоналдардын чыгармачылык ишмердүүлүгүн жана мансаптык ѳсүшүнѳ кызыктыруу системасын иш жүзүнѳ ашыруу.
  • Жамаатта жагымдуу социалдык-психологиялык климатты түзүү жана сактоо.
  • Эсептѳѳлѳрдү автоматташтыруу, жекелештирилген маалыматтарды жана документтерди анализдѳѳ жана сактоо.

Бѳлүмдүн негизги функциялары:

  • ЭАЖММынын түзүмдүк бѳлүмдѳрүндѳгү кадрлардын ишмердүүлүгүнүн ѳсүүсүн анализдѳѳ жана божомолдоо.
  • Кызматка талапкерлердин компетенттүүлүгүн жана жеке ѳзгѳчѳлүктѳрүн градациялык критерийлер менен баалоону аныктоо, персоналдарды тандоо жана адаптациялоо, ѳнүктүрүү (окутуу).
  • Персоналдардын ишинин эффективдүүлүгүн баалоо критерийлерин иштеп чыгуу жана киргизүү жана анын жүрүшүн координациялоо жана кѳзѳмѳлдѳѳ.
  • Кадрлык иш кагаздарын жүргүзүүнү, айлантууну уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ.
  • Персоналдардын социалдык жактан коргоо жана эмгек дисциплиналарын сактоо, кызыктыруу системасын уюштуруу жана кѳзѳмѳлдѳѳ.
     

Биз кесипкѳй жана креативдүү кызматкерлер жамаатынан туруп бир кол, бир жеңден баш чыгарып, жагымдуу иш берүүчүлѳрдѳн болуу менен кесипкѳйлүүлүктү ѳстүрүүнү жана мансаптык ѳсүү мүмкүнчүлүгүн тартуулайбыз.