ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Клиникалык симуляциялык борборунун максаты:
Студенттердин, клиникалык интерндердин жана клиникалык ординаторлордун практикалык кѳндүмдѳрүн мыктылоодо заманбап технологияларды колдонуу менен реалдуу медициналык кийлигишүүнү жана процедураларды камсыздаган атайын муляждарды, фантомдорду жана тренажерлорду ошондой эле виртуалдык (компьютердик) симуляторлордун жардамы менен кесиптик  даярдыгынын  сапатын жогорулатуу. 

 Негизги милдеттер:

  • Жогорку жана дипломдон кийинки кесиптик билим берүү адистиктеринин бекитилген программасына ылайык симуляторлордо, тренажерлордо жана фантомдордо практикалык кесиптик көндүмдөрдүн жогорку деңгээлин уюштуруу жана камсыз кылуу.
  • Клиникалык кырдаалда өзүнүн билимин жана практикалык көндүмдөрүн колдонууга жөндөмдүү жана даяр болгон кесипкөй компетенттүү адисти даярдоо.
  • Тесттерди, кырдаалдык тапшырмаларды жана практикалык сыноолордун негизинде практикалык, кесиптик компетенттүүлүктү калыптандыруунун жана өркүндөтүүнүн натыйжалуулугун, сапатын көзөмөлдөө.
  • Практикалык кесиптик көндүмдөрдү окутуунун сапатын жогорулатуу үчүн медициналык ЖОЖдордун алдыңкы тажрыйбаларын изилдөө жана ишке киргизүү.