ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МАКСАТТАР ЖАНА МИЛДЕТТЕР

Максаты:

Ысык-Көл кампусун түзүүнүн негизги максаты -  Кыргыз Республикасынын башка региондоруна жана Бишкек шаарынан тышкары аймактарына ЭАЖММти жайылтуу болуп саналат. Мындай аракет студенттерге кампуста окуп билим алуунун чоң тажрыйбасын берет. Алар региондук саламаттыкты сактоо системасын билүү жана ошол аймактын жашоочуларына кызмат кылуу менен өздөрүнүн медициналык билим алууларын уланта алышат.

Ысык-Көл кампустун максаттары:

  1. Студенттер үчүн жагымдуу билим берүү чөйрөсүн түзүү ошондой эле аларды комфортабелдүү бөлмөлөр жана тамак-аш менен камсыздоо;
  2. Окуу процессинин эффективдүү уюштуруу үчүн жергиликтүү медициналык уюмдар менен партнердук мамилени өнүктүрүү;
  3. ЭАЖММ Ысык-Көл кампусуна изилдөө программасын кеңейтүү;
  4. Веданта клиникасынын Ысык-Көл областынын калкына жогорку квалификациялык медициналык жардам көрсөтүү;
  5. Студент-медиктердин жана Борбордук Азияттык регионунун окутуучуларынын академиялык мобилдүүлүк программасын кеңири реализациялоо.