ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Улуттук Медициналык Комиссиясы (NMC)

Индия Медициналык кеңеши (MCI)

 

Индия Медициналык кеңеши 1934-жылы түзүлгѳн. Анын негизги максаты: медицина тармагындагы жогорку квалификациянын бирдей стандарттарын бекемдѳѳ жана Индияда алган медициналык квалификациясын чет мамлекеттерде таануу болгон. Индия мамлекети эгемендүүлүккѳ жетишкенден кийин медициналык колледждердин саны ѳстү. Дүйнѳ жүзүндѳгү бат ѳсүп жаткан медициналык билим берүүнүн ѳсүшүнѳ байланыштуу, Индиянын Мыйзамындагы медициналык кеңешинин абалы кѳйгѳйлѳрдү чечүүдѳ жетишсиз экендиги түшүнүктүү болду. Жыйынтыгында 1956-жылы эски мыйзам жокко чыгарылып, жаңы мыйзам кабыл алынган. Ошондой эле мыйзам 1964-1993-2001-жылдары ѳзгѳртүлгѳн жана кошумчаланган.