ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Иш кагаздарын мамлекеттик тилде жазуу боюнча мониторинг

  2024-жылдын 6-мартында Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинде Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын өкүлдөрү иш кагаздардын мамлекеттик тилде жүрүшү боюнча мониторинг жүргүзүштү. 

Текшерүүнүн алкагында ЭАЖММдин бардык түзүмдүк бөлүмдөрүндө жана кафедраларында иш кагаздарынын кыргыз тилине этаптуу которулуп жана жазылып жатканына күбө болушту. Ошондой эле көрүнө маалыматтар, ички-сырткы жазуулар,  такталар, нускамалар КР Мамлекеттик тил жөнүндөгү  Конституциялык мыйзамга ылайык эки тилде кыргыз жана англис тилинде жол-жоболоштуруудагы ийгиликтерине токтолушту жана кемчиликтерди жоюу боюнча сунуштар берилди.