ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

Ph.D. докторантурага кабыл алуу жарыялыгы

Арыз берүүнүн акыркы мөөнөтү

Ph.D. докторантурага документтерди кабыл алуу 2023-жылдын 20-ноябрынан 2024-жылдын 8-февралына  чейин жүргүзүлөт. Бардык талапкерлерге керектүү документтерди мүмкүн болушунча тезирээк тапшыруу сунушталат, бул документтерди иштеп чыгууга жана кабыл алуу жөнүндө чечимди өз убагында жарыялоого мүмкүндүк берет.

ЭАЖММ  Ph.D. докторантурага кирүү сынагындагы турлардын графиги

Тур

Күнү

Убакыт

Иш - чара

 Дарек

Эскертүү

1 тур

20.12.23

14.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

22.12.23

14.00

Англис тили боюнча кирүү сыноолору тест түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

2 тур

 

17.01.2024

14.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

19.01.2024

14.00

Англис тили боюнча кирүү сыноолору тест түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

 

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

3 тур

13.02.2024

14.00

«Коомдук саламаттыкты сактоо» блогу билет системасы боюнча кирүү сыноолору маектешүү түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

15.02.2024

14.00

Англис тили боюнча кирүү сыноолору тест түрүндө

Интергельпо 1ф, ауд.324

КР жарандары үчүн

Zoom

Чет өлкөлүк жарандар үчүн

 

Ph.D. докторантурага кабыл алуунун тартиби:

1. Ph.D. докторантурага тапшырууга «магистр» же «адис» диплому менен тастыкталган, тиешелүү жогорку кесиптик билими бар Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар өтүүгө укуктуу;

2. ЭАЖММдин Ph.D. докторантурасына адамдарды кабыл алуу кирүү сынактарынын жыйынтыгы боюнча конкурстук негизинде жүргүзүлөт;

3. ЭАЖММдин Ph.D. докторантурасына тапшыргандар кирүү сынактарын тапшырышат:

  1. англис тили боюнча;
  2. адистиги боюнча (Коомдук саламаттыкты сактоо);
  3. изилдөө темасын негиздөө үчүн маектешүүдөн өтүү;

4. Кирүү сынактарына паспорт же инсандыгын ырастоочу башка документ болгон учурда уруксат  жүргүзүлөт;

5. Кирүү сынактарын кайра тапшырууга жол берилбейт;

6. Докторантурада окуу мөөнөтү күндүзгү бөлүмдө үч жылдан кем эмес жүргүзүлөт;

7. Окутуу контракттык негизинде жүргүзүлөт.

Ph.D. докторантурага тапшыруу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
Ph.D. докторантурага арыз берген талапкерлер ЭАЖММге төмөнкү документтерди тапшырат:

  1. ЭАЖММдин ректорунун атына арыз;
  2. «магистр» квалификациясы же адистиги, же «адис» багыты боюнча жогорку билими тууралуу дипломдун көчүрмөсү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
  3. Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын чет өлкөлүк окуу жайлары тарабынан берилген билим берүү жөнүндө документтердин деңгээлин жана мазмунун ырастоо жөнүндө маалымкат;
  4. Паспорт, аскердик билет жана эмгек китепчеси жекече көрсөтүлөт жана текшерилгенден кийин кайтарылып берилет;
  5. Чет өлкөлүк жарандар үчүн: тиешелүү визасы бар паспорт (көчүрмө);
  6. Болжолдонгон ата мекендик же чет өлкөлүк илимий кеңешчи менен макулдашылган пландаштырылган диссертациялык изилдөөнүн негиздемеси;
  7. Илимий жетекчинин илимий жетекчиликке жазуу жүзүндөгү макулдугу (эркин формада);
  8. Англис тили боюнча тест тапшыргандыгы тууралуу сертификаттын көчүрмөсү (бар болсо);
  9. Илимий жана илимий-усулдук иштердин тизмеси (бар болсо);
  10. 3.5х4.5см ѳлчѳмүндѳгү 6 сүрѳт;
  11. У-086 формасындагы медициналык маалымкат;
  12. Кадрларды эсепке алуу боюнча өздүк баракча жана эмгек ишмердүүлүгүн тастыктаган документ (тажрыйбасы бар адамдар үчүн);

Кошумча маалымат алуу үчүн:
Тел: +996703609899
E-mail
:
postgraduate_office@ism.edu.kg / 
imanbaeva1983@inbox.ru