Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

МЕДИЦИНАЛЫК КѲЗѲМѲЛ

 

«Медициналык кѳзѳмѳл» предмети Эл аралык жогорку медициналык мектептин жогорку курстарында милдеттүү окутулуучу дисциплиналардан. Баштапкы курстарда студенттер клиникалык дисциплиналарды үйрѳнүү үчүн базалык билимдерди алышкан. Анатомия жана патологиялык анатомия, физиология жана патологиялык физиология, фармакология, пропедевтикалык терапия, медициналык коммуникациянын негиздери жана деонтология жана башка билимдерди билүү ички оорууларды аныктоону жана алдын-алууну, дарылоонун маңызын түшүнүүгѳ кызмат кылат.

 

Дарыгердин кѳзѳмѳлү (ДК) – бул медициналык изилдѳѳнүн тутуму - дени сак адамдын дене маданияты менен машыккан организмине дарыгердин жүргүзгѳн таптоо жүктѳмдѳрүнүн таасирин аныктоо максатында, дене маданияты менен машыгуу мүмкүн же каршы келүүсүн аныктоо, ошондой эле ооруудан же жаракат алгандан кийин бейтаптын функционалдык абалына аныктоону жургүзүүсү. Бул предметтин алкагында студенттер медициналык кѳзѳмѳлдүн негиздери боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышы керек. ДКнын негиздери саламаттыктын абалынын динамикасын изилдѳѳ, дене маданияты жана спорт менен машыгуусунун негизинде физикалык ѳсүшүнүн жана функционалдык мүмкүнчүлүктѳрүн, ошондой эле рационалдуу эмес дене активдүүлүгүнүн бузулушун табуу, организмдин функционалдык абалына баа берүү, күч келтирүүлѳрдѳн кийин процесстерди калыбына келтирүү жана спорттук, эмгек жѳндѳмдүүлүгүн жогорулатуу.

 

Комплексттүү медициналык изилдѳѳ тѳмѳнкү усулдарды камтыйт: анамнезди алуу: жалпы жана спорттук, дене түзүлүшүнүн ѳсүшүн аныктоо, физикалык тутумунун жана органын текшерүү, функционалдык сынам алуу, клиникалык кандын жана зааранын анализин алуу, электрокардиография, кѳкүрѳктүн рентгенографиясы ж.б. Спорттук ишмердүүлүк шартында тѳмѳнкү усулдар колдонулат: машыгуу сабактарынын таасирин аныктоо, жүрѳк иштѳѳ тездигинин кѳрсѳткүчүн колдонуу, артериалдык басым, динамометрия, спирометрия, ѳсүү-салмак кѳрсѳткүчтѳрү жана башка кошумча инструменталдык усулдардын жыйынтыктары. Медициналык кѳзѳмѳлдүн башка формалары: сабак учурундагы дене кѳнүгүүлѳрдү жасоодо медик педагогикалык байкоолор, дене маданияты менен машыгуудагы шарт жана дене маданияты менен машыгуучу жерде санитардык-гигиеналык кѳзѳмѳл, спорттук жаракаттар жана ооруулардын алдын-алуу, массалык саламаттыкты чыңдоочу жана физкультуралык-спорттук иш-чараларда медициналык тейлѳѳ, саламаттыкты чыңдоочу жана спорттук лагерлерди медициналык тейлѳѳ, дене маданиятын жана спортту чыңдоо жана жайылтуу болуп саналат.

 

Жалпы түйшүгү: 1 кредит (36 саат)

Аудитордук сабактар:18 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 18 саат

Семестр: 9 саат

Итоговый контроль: зачет