Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ДАРЫЛЫК ДЕНЕ КѲНҮГҮҮЛѲРҮ

 

Кѳп учурда дарылык физкультура ар кандай оорууларды жана жаракаттарды дарылоодо жана реабилитация үчүн да колдонулуп жатат. Ѳзгѳчѳ бир катар бейтаптарды дарылоодо кээ бир дары каражаттарынын аллергия жаратуусунан, бул усулдардын ролу ѳсүүдѳ. Дарылык физкультуранын терс таасири жок.

 

Илимий-техникалык прогресс адамдардын жашоо-шартын ѳзгѳртүү менен жашоонун жакшырышы физикалык активдүүлүгүн азайтып, чектѳѳ менен гипокинезия – адамга терс таасирин тийгизди. Гипокинезия булчуң күчүнүн гиподинамиялык түшүшүнѳ алып барат. Кыймылдын активдүүлүгүнүн азайышы, нервтин психологиялык чыңалышын күчѳтүп, зыяндуу адаттарды - чегүү, алкоголизмди андан дагы наркоманиянын ѳсүшүн шарттады. Бул факторлор ооруп калууну жогорулатат жана аларды тобокел фактору деп аташат.

 

ДФКны колдонуу гипокинезияга каршу туруп, ѳзгѳчѳ жүрѳк-кантамыр оорууларында, зат алмашуу бузулганда тобокел факторуна каршы турат. Дарылык физкультура организмге ар тараптуу жагымдуу таасир берет. Бирок, ошол эле учурда сыркоонун кайсы бир этабында бул усулдарды дайындоо каршы келип, туура эмес усулдарды колдонуу начар кабылдоону, жада калса татаалдануу процессине да алып келиши мүмкүн.

 

Оорунун ар бир формасына ДФКынын спецификалык усулдарын колдонуу зарыл жана этиологияга байланыштуу, ооруунун патогенезинин маңызын түшүнүү, анын агымынын клиникалык формаларын, организмдин функционалдык абалын, ошондой эле физикалык кѳнүгүүлѳрдүн спецификасын эске алуу менен жасоо керек.

 

Дарылык физкультура ѳз алдынча илимий дисциплина болуп саналат. Медицинада бул дарылоо усулун алдын-алуу үчүн, дарылоо, реабилитациялоо жана терапияны сүрѳмѳлѳѳдѳ колдонулат. ДФК адамда физикалык кѳнүгүүлѳргѳ аң-сезимдүү мамилени жана бул мааниде тарбиялоо манызында: күчтү ѳнүктүрѳт, кѳтѳрүмдүүлүктү, кыймылды координациялооону, гигиенанын кѳндүмдѳрүн адат кылууну, жаратылыштын жаратылыш факторлору менен организмди чыңдоону карайт. Бул заманбап медицина, биология, дене тарбиясы жаатындагы илимий маалыматтарга таянат.

 

ДФКынын негизги каражаттары: этиологиянын, патогенезди, клиникалык ѳзгѳчѳлүгүн, организмдин функционалдык абалы жана жалпы физикалык эмгек ишмердүүлүк жарамдуулугунун даражаларын эске алуу менен дарылоонун максаттарына ылайык колдонулган дене кѳнүгүүлѳрү.

 

Жалпы түйшүгү:1 кредит (36 саат)

Аудитордук сабактар: 20 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 16 саат

Семестр:6 саат

Жыйынтык текшерүү: зачет