Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

КЛИНИКАЛЫК ФАРМАКОЛОГИЯ

 

Даярдалган окуу мерчеми атайын жогорку медициналык окуу жайлардын клиникалык фармокологиясына ылайыкталып, иштеп жаткан мерчем боюнча түзүлгѳн. Программа Эл аралык жогорку медициналык мектептин медициналык факультетинин студенттерине да ошондой эле биздин ѳлкѳбүздѳгү башка медициналык окуу жайларынын медициналык факультеттерине да уверсалдуу келип, студенттерди даярдоодо бир максатты, милдеттерди жана предметтер боюнча теоретикалык жана практикалык даярдоону кѳздѳйт.

 

Клиникалык фармокологиянын окуу предмети заманбап фармокология болуу менен илим менен практиканын ѳнүгүшүн, заманбап илимий фармокология менен катар актуалдуу болгон акыркы беш жылдар аралыгындагы туташ дисциплиналарды карайт жана мындан кийин студенттер ѳз алдынча практикалык ишмердүүлүктү жүргүзүүгѳ ѳтүшѳт. Ошондой эле башка кафедралардын кызыкчылыктары да каралуу менен студенттер андан-ары окуусун улантышат.

 

Программа негизинен ички оорууларды дарылоо боюнча БДСУнун иштеп жаткан сунуштарына ылайыкташылган жана Кыргыз Республикасынын протоколуна жана улуттук клиникалык сунуштарына, ошондой эле жогорку деңгээлдеги далилденген терапевтикалык жана фармакологиялык кызматтар алкагындагы программалык документтерге негизделген.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)

Аудитордук сабактар: 40 саат

Студенттердин жалпы түйшүгү: 32 саат

Семестр: 6 саат

Жыйынтык текшерүү: зачет