Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭНДОКРИНОЛОГИЯ

 

«Эндокринология» курсу ЭАЖММынын жогорку курстарында (6 семестр, 3 курс) милдеттүү окутулат жана ички ооруулардын эң бир олутуу бѳлүгү болуп саналат. Эндокриндик тутум ооруулары калктын жогорку муунунун ѳлүмүнүн кѳп болушунун бир себептеринен. Кант диабети эрте майыптуулукка жана ѳлүмгѳ алып келген заманбап медицинанын негизги кѳйгѳйлѳрүнѳн болуп келүүдѳ. Ошондуктан, кеңири тараган эндокриндик оорууларды алгачкы алдын-алуу жана ѳз убагында аныктоо жана адекваттуу дарылоо жалпы практика дарыгеринин, терапевтин жана эндокринологдун негизги милдеттеринен.

 

Бул курстун алкагында студенттер эндокриндик тутумдун кеңири тараган оорууларын, тактап айтканда кант диабети, калкан безинин дарттары, бѳйрѳк үстүндѳгү бездердин дарттары, нейроэндокриндик дарттар, түгѳйлүү калкан бездеринин патологиясын аныктоо, алдын-алуу жана дарылоо боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳрдү алышат. Ѳзгѳчѳ кѳңүл кант диабетинин 2 тибинин башкарылмалуу тобокелдик факторуна жана бул дарттын алгачкы жана экинчи эрте татаалдашуусун алдын-алуу каралат.

 

«Эндокринология» курсу эндокриндик тутумдун жеке патологиясын терең билүүнү карайт жана заманбап билимдер этиологиясын, тобокелдик факторлорун, патофизиология, салттуу жана жаңы аныктоо жана дарылоо усулдарын камтыйт. Студент аныктоонун кошумча усулдарын интерпретациялоо боюнча зарыл болгон билимди: гормондук фондун баасы, функционалдык жүктѳм сынамдары, кант диабетинде ѳзүн кѳзѳмѳлгѳ алуу кѳндүмдѳрү, калкан бездеринин дарттарында сцинтиграфия боюнча алат. Этиологияны билүү эндокриндик бездер дарттарынын патогенезин жана индивиддин дартынын агымынын ѳзгѳчѳлүгүн билүү менен комплексттүү дарылоого мүмкүнчүлүк берет. Студент этиотроптук, патогенетикалык жана симптоматикалуу терапияны ишке ашыруу жѳндѳмдүүлүгүнѳ ээ болот.

 

Ѳзгѳчѳ эл аралык жетекчилик СД дарылоого, Грейвс дартына, ошондой эле рационалдуу жана коопсуз фармакотерапия жүргүзүүгѳ кѳңүл бурушат. Ар бир бейтапка персоналдуу препараттарды тандоодо (П-дарылар) кантты түшүрүүчү препараттардын клиникалык фармакодинамикасын жана фармакокинетикасын, инсулиндерди, тиреостатиктерди, алмаштырылуучу гормондук терапияны терең билүүнү талап кылат. Студенттер бул ооруларды дарылоо боюнча мүмкүн болгон терапевтикалык жана хирургиялык усулдар боюнча билим алышат. Эндокриндик тутумдун жеке патологиясын билүү дарттын алгачкы жана экинчи кадамында алдын-алуунун негизи болот.

 

Жалпы түйшүгү: кредит (72 саат)

Аудитордук сабак:  40 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 32 саат

Текшерүү жыйынтыгы: Экзамен