Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

НЕФРОЛОГИЯ

 

"Нефрология" курсу ички оорулардын эң олуттуу бѳлүгү болуу менен милдеттүү окутулат. Бул дисциплина ЭАЖММынын мектеп программасынын жогорку курстарына киргизилген. Мурунку жылдарда студенттер пропедевтикалык терапияны, патологиялык физиологияны, патологиялык анатомияны, фармакологияны, медициналык коммуникациянын негиздерин жана деонтология курстарын ѳтүшкѳн. Ошондуктан студенттер ички оорулардын конкреттүү патологиясын үйрѳнүү үчүн жетиштүү базалык билимдирге ээ.

 

Бѳйрѳктүн ооруусу абдан кѳп тараган, эмгекке жарамдуу куракта ѳлүмгѳ жана майыптуулукка алып келген дарттардын бири. Мунун негизинде бѳйрѳк ооруларын ѳз убагында аныктоо жана адекваттуу дарылоону жүргүзүүнүн социалдык-экономикалык мааниси чоң. Бул курстун алкагында студенттер бѳйрѳк ооруларын аныктоо жана алдын-алуу, дарылоо боюнча эң кеңири тараган, негизги бѳйрѳк ооруларын - татаал жана ѳнѳкѳт гломерулонефритти, нефротикалык синдромду (НС), ѳнѳкѳт пиелонефритти, татаал жана ѳнѳкѳт бѳйрѳк жетишсиздигин (АРФ, ѳнѳкѳт бѳйрѳк жетишсиздиги) дарылоо боюнча билимдерге жана практикалык кѳндүмдѳрүнүнѳ ээ болушат. Ѳнѳкѳт бѳйрѳктүн жетишсиздигинин стадияларын билүү, дарылоо тактикасын аныктайт. Студенттер татаал жана ѳнѳкѳт бѳйрѳк жетишсиздигин гемодиализге кѳрсѳтүүнү белгилешет жана бѳйрѳктү трансплантациялоону жана мындай сыркоолорду операциядан кийин кийирүүнү аныкташат.

 

Эл аралык сунуштарды жана критерийлерди билүү ѳз убагында ѳнѳкѳт бѳйрѳк дарттарын аныктоону, ошондой эле бѳйрѳк оорууларын алдын-алууну жана майнаптуу дарылоого адекваттуу мониторинг жүргүзүүгѳ мүмкүнчүлүк берет. Ѳзгѳчѳ дары препараттарынын нефротоктук таасирлер кѳйгѳйлѳрүнѳ кѳңүл бурулат. Дары каражаттарынын нефротоктук таасирлери заманбап клиникалык медицинанын олуттуу кѳйгѳйлѳрүнүн бири болуп саналат. Бѳйрѳк ооруларын рационалдуу дарылоодо, антибиотиктердин жана башка дары каражаттарынын нефротоктук таасирин билүү бѳйрѳктүн ууланышын алдын-алууда олуттуу факторлордон болуп саналат. Бул студенттин профессионалдык компетенттүүлүгүнѳ, андан кийин дарыгерге байланыштуу. Ѳнѳкѳт бѳйрѳк жетишсиздиги терминалдык стадиясынын орун алмашуу терапиясы татаал медико-социалдык кѳйгѳй болуп саналат. Жалпы практика дарыгери гемодиализге жана бѳйрѳктүн трансплантациясына кѳрсѳтүүнү же кѳрсѳтпѳѳнү милдеттүү билиши зарыл жана ошондой эле сыркоолордун ахыбалын бѳйрѳктүн трансплантациясынан кийин кѳзѳмѳлдѳѳнү жана ѳз убагында нефролог адисине бейтапты жѳнѳтүүнү билиши зарыл.

 

Нефрология курсунун алкагында тутамдаштыргыч ткань оорууларынын тутуму жѳнүндѳ мыкты билим зарыл, аллергиялык реакциялар, кант диабети, гипертониялык ооруулар, мына ушул оорууларда экинчи жолу бѳйрѳктүн жараланышы жүрѳт. Муну менен "нефрология" курсу башка дисциплиналардан алган билимдерин бекемдегенге мүмкүнчүлүк берет. (Интегративдик билим). Студенттерди алган билимдеринин негизинде анализдѳѳнү жана аны колдонууну үйрѳтүү, аларды бѳйрѳк ооруусу менен ооруган бейтаптын кѳйгѳйлѳрүн чечүүдѳ, дарыгердин практикалык иштѳѳсүндѳ зарыл болгон кѳндүмдүн, клиникалык ойлонуусун ѳѳрчүтѳт.

 

Жалпы түйшүгү: 2 кредит (72 саат)

Аудитордук сабактар: 38 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 34 саат

Семестр: 6 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен