Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ГАСТРОЭНТЕРОЛОГИЯ

 

"Гастроэнтерология" курсу ЭАЖММынын жогорку курстарында милдеттүү түрдѳ окутулат. Баштапкы курстарда студенттер клиникалык дисциплиналарды окуу үчүн зарыл болгон базалык билим алышат. Анатомия жана патологиялык анатомия, физиология жана патологиялык физиология, фармакология, пропедевтикалык терапия, медициналык коммуникациянын негиздери жана деонтология жана башка илимдерди билүү, ички оорууларды божомолдоого, алдын-алууга жана дарылоого ооруулардын маңызын түшүнүүгѳ кызмат кылат.

 

Тамак сиңирүү органдарынын ооруулары ички ооруулардын эң олуттуу бѳлүгү болуп саналат. Ичеги-карын дарты (ѳнѳкѳт гастрит, жара дарттары) ичеги сезгенип оорусу, боордун (гепатит) – бул кеңири тараган жана ички органдардын олуттуу дарттары.

 

Бул курстун алкагында студенттер божомолдоону, ѳнѳкѳткѳ айланган гастритти дарылоону жана алдын-алууну, ашказандын жара ооруларын жана он эки эли ичеги (он эки эли ичегинин жара ооруусу), ичке ичегинин оорусу, жоон ичегинин сезгенүү прцесстерин, ѳнѳкѳт гепатитти, панкреатиттерди, холециститтерди, боордун жетишээрлик иштебеси жана циррозу боюнча билим жана практикалык кѳндүмдѳргѳ ээ болушу керек. Орто Азиянын элдеринин арасында ѳт жолдорунун жана боордун ѳнѳкѳт дарттары кѳп кездешет. Ѳнѳкѳт вирус гепатити, ууландыруучу (алкоголдук) гепатит боордун циррозунун негизги себеби болууда. Дагы бир негизги боордун ууланышынын себеби дары препараттарынын терс таасиринен. Ошондуктан рационалдуу жана коопсуз дары препараттарын колдонуу боордун патологиясын дарылоодо, карын астындагы безди жана башка дарттарды дарылоодо ѳнѳкѳт гепатитти жана боордун циррозун алдын-алууунун негизги шарты болуп саналат.

 

Жалпы түйшүгү: 2,5 кредит (90 саат)

Аудитордук сабактар: 48 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 42 саат