Конференциялар
ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ИЧКИ ООРУУЛАР

 

Заманбап медициналык практика ички органдардын ар түрдүү оорууларын алдын-алууну жана рационалдуу дарылоонуу, эрте табылган дарттын татаал маселелерин чече алган, дасыккан дарыгерлерди даярдоону талап кылууда. Ички ооруулардын негизин билүү бардык адистиктерди даярдоодо эң биринчи маанилүү орунда турат. Ички оорууларды изилдѳѳдѳ клиникалык ойлонуунун негиздери түзүлүп, медициналык деонтология, сыркоолорду текшерүү жана майнаптуу терапия дайындоо кѳндүмдѳрүн үйрѳнүшѳт. Мунун баары күтүп жаткан ишмердүүлүгүнүн сферасына карабастан, келечектеги адистин муктаждыгы.

 

Терапевтикалык дисциплиналар кафедрасында ѳтүлгѳн клиникалык медицинанын негизин билүү, бардык адистик боюнча дарыгерлерди даярдоодо олуттуу мааниге ээ.

 

«Ички медицина» дисциплинасы 6-чы семестрде окутулуп, «Жалпы медицинанын» 560001 жогорку профессионалдык медициналык билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын профессионалдык дисциплинасы циклине карайт.

 

Жалпы түйшүгү: 16 кредит (576 саат)

Аудитордук сабактар: 320 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 256 саат

Семестр: 6 саат

Жыйынтык текшерүү: экзамен