ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

БАЛДАР ООРУЛАРЫ: ПЕДИАТРИЯГА КИРИШҮҮ

 

Ооруп калган учурда балага кам көрүү жана аны дарылоо чоң кишилер үчүн медицинада колдонулган ыкмалардан кыйла айырмаланат. Бала анатомиялык, физиологиялык, морфологиялык, эмоционалдык жана иммунологиялык жактан жетиле электиги менен мүнөздөлөт, бул оорунун жүрүшүн жана натыйжасын аныктайт. Баланын денеси тынымсыз өсүп-өнүгүп турат жана ал чоңойгон сайын айлана-чөйрөнүн шарттарына, тамак-аш муктаждыктарына, жугуштуу ооруларга туруштук берүү жана ар кандай ооруларды көтөрүү жөндөмүнө болгон мамилеси олуттуу өзгөрөт.

 

Демек, балага карата клиникалык жана лабораториялык изилдөөлөрдүн натыйжаларын туура баалоо жана өсүп келе жаткан баланын жашына байланыштуу анатомиялык-физиологиялык өзгөчөлүктөрү жөнүндө олуттуу билим болгондо гана балдардын дене өзгөчөлүгүн түшүнүү мүмкүн болот. Күнүмдүк режимди туура уюштуруу, кам көрүү жана тамактануу демек, оорулардын алдын алуу үчүн балдардын физикалык, нервдик-психикалык өнүгүү мыйзамдарын билүү керек. Балдарды клиникалык изилдѳѳдѳ белгилүү медициналык усулдарды талап кылат жана мунун ичинде курска балдар ооруларынын пропедевтикасы кирет.

 

Жалпы түйшүгү: 6 кредит (216 саат)

Аудитордук сабактар: 120 саат

Студенттердин ѳз алдынча иши: 96 саат

Семестр: 3,4,5

Жыйынтык кѳзѳмѳл: сынак