ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ORPHEUS

Европалык тутумдагы саламаттык сактоо жана биомедицина жаатындагы дипломдон кийинки билим берүүчү уюм

 

2004-жылы апрель айында Загребеде саламаттык сактоо жана биомедицина жаатындагы докторлук программаны унификациялоо боюнча европалык конференция ѳтүлгѳн. Иш-чаранын жүрүшүндѳ Европанын ЖОЖдорунда PhD программасы абдан ар түрдүү болуп чыгып, PhD аталышынын ѳзү эле Европанын ар кайсы мамлекеттеринде ар башка мааниде колдонулган.

 

2005-жылы Загребе конференциясында жалпы саламаттык сактоодо жана биомедицина жаатында изилдѳѳлѳрдүн европалык уюмун түзүү сунушу киргизилген. ORPHEUS – бул Европалык тутум боюнча саламаттык сактоодогу жана биомедицина жаатындагы дипломдон кийинки билим берүүчү уюм болуп, 2007-жылы Загребеде расмий түрдѳ катталган. Ал AMSE жана WFME менен тыгыз кызматташат.