ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

БДСУ

Бүткүл дүйнѳлүк саламаттык сактоо уюму

 

БДСУнун уставы 1948-жылы 7-апрелде күчүнѳ кирген. Бул дата Бүткүл дүйнѳлүк саламаттык сактоо күнү катары белгиленет. БДСУ ѳзүнүн ишмердүүлүгүн бүткүл дүйнѳ жүзүндѳ жүргүзүп, глобалдуу масштабда адамдардын саламаттыгын чыңдоо, ошондой эле коопсуздугун сактоо жана калктын аялуу катмарына жардам берүү болуп саналат.

 

БДСУнун негизги максаты болуп, дүйнѳ жүзүндѳ болушунча кѳптѳгѳн адамдарга саламаттык сактоодо сапаттуу кызмат кѳрсѳтүү, ѳзгѳчѳ кырдаалдарда жана анын кесепеттеринен жабыркаган кѳптѳгѳн адамдарга жардам берүү жана калктын саламаттыгын чыңдоо жана бакубатчылык жашоосу үчүн күрѳшүү болуп саналат.