ISM

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

ЭАЖММдин ички-сырткы жазуулары

Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик тили жөнүндөгү» Мыйзамды жана Кыргыз Республикасында 2021-2025-жылдары мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү Программасын жетекчиликке алуу менен Эл аралык Жогорку Медициналык Мектебинин 2023-жылдын 12- майындагы №71 буйругу менен ЭАЖММдин ички-сырткы жазууларын,
көрүнөө маалыматтарды, нускамаларды Мамлекеттик тил жөнүндөгү мыйзамдын 27-беренесине ылайык келтирүү боюнча Мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы Р.Ж.Зайыркулова, Эл аралык кызматташтык борборунун директору А.Б.Урумова жана Эл аралык байланыштар бөлүмүнүн адиси М.Ы.Кулова менен бирдикте ЭАЖММдин имараттарында, клиникаларында, лабораторияларда жана кафедраларда текшерүү менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.