ISM

ЭАЖММ

Билим берүү бѳлүгү

Ресурстар

Байланыш

23-сентябрь-Мамлекеттик тил күнү

                                                                                     «Урматтуу ЭАЖММнын жалпы жамааты!


       Кыргыз тили  — мамлекеттүүлүгүбүздүн белгиси, элибиздин ынтымагынын, биримдигинин негизи, көөнөрбөс руханий казынабыз.
       Залкар жазуучубуз Чынгыз Айтматов айткандай, „Тил — улуттун автопортрети менен бейнеси“. Ошондуктан биз мамлекеттик тилибизге болгон камкордугубуз аркылуу мамлекетке болгон мамилебизди билдиребиз.
       1989-жылы 23-сентябрда кыргыз тили „Мамлекеттик тил“ деп жарыяланган. Ал кезде бул кадамга баруунун өзү чоң эрктүүлүктү талап кылган. Эне тилибиздин „Мамлекеттик тил“ деп жарыяланышы элибиздин чоң жетишкендиктеринин бири болду.
        Кыргыз Республикасында  мамлекеттик тилди, расмий тилди жана чет тилдерди мыкты билген кыргызстандыктардын жаңы мууну тарбияланууда.
        Биздин ата-бабаларыбыз эне тилинде „Манас“ эпосун жаратып, муундан-муунга чыпчыргасын коротпой өткөрүп келген. Эне сүтү менен кошо жаралган эне тилибизди кастарлаганда гана биз улуттук жүзүбүздү, маданиятыбызды, рухубузду, каада-салттарыбызды сактап кала алабыз.
        ЭАЖММга дүйнѳнүн тѳрт бурчунан келип медицинаны багындырып жаткан чет элдин студенттери медицина менен катар мамлекеттик тил - кыргыз тилин үйрѳнүшүүдѳ. 
        Келечекте ЭАЖММ мыкты дарыгерлерди дүйнѳ жүзүнѳ даярдоо менен катар Кыргыз Республикасын жана кыргыз тилин дүйнѳ жүзү уккан, билген, сүйлѳнгѳн тилдердин катарына алып чыгарына биз  терең ишенебиз!
        Мамлекеттик тил майрамыбыз кут болсун!

Шилтемеден ѳтүп биздин студенттерден чакан видео кѳрсѳнүздѳр болот.

- Видео 1

- Видео 2